Тег которуу

91 жаран жаза мөөнөтүн өтөш үчүн Кыргызстанга жөнөтүлдү – ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк түрмөлөрдөн соттолгон жарандарды жазасын өтөө үчүн мекенине өткөрүү боюнча активдүү иш алып барууда. 2024-жылдын 9 айында 65 түзөтүү мекемелеринде консулдук иш сапарлар жүргүзүлүп, аларда 410 соттолгондор менен жолугушуулар өткөрүлдү. Ыйгарым укуктуу органдардын аракетинин натыйжасында буга чейин 91 жаран Кыргызстанга которулса, дагы 54 жаран которуу стадиясында турат. Соттолгондордун жакындары которуу үчүн Башкы прокуратурага кайрылса болот.

Билим берүү министрлиги: Мектеп окуучуларын камсыздоо үчүн 17 миллиондон ашык окуу китептери керектелет

Мектептерди толук камсыздоо учун 17 миллиондон ашык окуу китептери керек. Кыргыз, орус, озбек жана тажик тилдеринде билим берүүчү мектептер үчүн атайын китептер дайардалып жатат. Сингапурдан алынган окуу комплекстери кыргыз жана орус тилдерине которуп, эки жылдан кийин даяр болот. Учурда мектептерде 11 миллион 816 мин окуу китеби бар.

Бишкекте мектеп окуучуларды башка окуу жайлардан которуу үчүн акы талап кылды

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде коррупция жана акча талап кылынган фактылар аныкталды. Мектеп окулу окуучуну кабыл алуу учун 18 мин сом талап кылып, мыйзамсыз акча которууну юштурган. ГКНБ бул фактылар боюнча кылмыш ишин козгоп, коррупция каршы курошуу иштерин улантууда.