2024-жылдын башынан бери Красноярск шаарына Кыргызстандан 7 миң 593 декоративдүү канаттуулар алынып келинген. 14-ноябрда 615 баш тоту куштарга ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, экспертизадан өткөрүү үчүн карантинге алынган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештер балдарын Москва шаарындагы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу учурундагы кыйынчылыктарды чечүү боюнча активдүү иш алып барууда. 2024-жылдын августунан тарта көптөгөн суроо-талаптар келип түшкөн, бул суроо-талаптар Орусиянын мамлекеттик органдарына жөнөтүлүп, жогорку деңгээлде консультациялар өткөрүлдү. Учурда мектептерде 224 бала орун күтүп, маселе элчиликтин көзөмөлүндө.
Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчуктун жолугушуусунда кыргыз-орус кызматташтыгынын ийгиликтүү жыйынтыктары, анын ичинде саясий жана экономикалык байланыштарды активдештирүү, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.