Тег КТЖ

Төрөбаев КТЖга кант кызылчасын кечиктирген унаалар үчүн айып пулду кыскартууну тапшырды

Кыргызстанда кант кызылчасынын рекорддук түшүмүнө байланыштуу айыл чарба министри “Кыргыз темир жол” ишканасына иштебей турган унаалар үчүн айып пулду жеңилдетип, аларды үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды. Кызылчаны кабыл алуу эки саатка узартылды, кызылча кабыл алуу пункттары жумасына жети кун иштейт. 15-октябрда эртең менен 350,6 миң тонна кызылча кабыл алынды, бул болжолдонгон түшүмдүн 40%ын түзөт.