
Кыргызстандын аялдар футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунун тандоо оюнунда Өзбекстанды жеңди.
Бишкекте өткөн Азия Кубогуна (U-17) тандоо оюнунда Кыргызстандын кыздар курамасы Өзбекстандын командасын 2:1 эсебинде жеңип алды. Голдорду Сумаййа Махаматсалиева жана Акмарал Саякбаева киргизди.








