
Жалал-Абад шаарынын тургундары жабыркаган турак жай жана автоунаалар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты
Жалал-Абад шаарында өрттөн жана жол кырсыктарынан жабыркаган үйлөр менен унаалар үчүн тургундарга камсыздандыруу төлөмдөрү берилди. Мэр Эрнисбек Ормоков жарандарды үйлөрүн жана унааларын камсыздандырууга чакырды.








