
КР өзүнүн сүт, эт жана жашылчага болгон муктаждыгын жабууда
Кыргызстанда агроазык-түлүк рыногу туруктуу бойдон калууда, азык-түлүк тартыштыгы жок. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 117 миллиард 636 миллион сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 14 миллиард 20 миллион сомго өстү. Өндүрүштүн жана кайра иштетүүнүн өсүшү байкалууда. Республика негизги азык-түлүк менен толук камсыз болуп, экспорттук потенциалга ээ. Айыл чарба иштери пландалган көлөмдө аткарылууда.








