
Кыргызстан Осакдагы «ЭКСПО-2025» дүйнөлүк көргөзмөсүндө алтын сыйлыкка ээ болду
Кыргызстан «ЭКСПО-2025» көргөзмөсүндө «Улучшая жизнь» номинациясы боюнча алтын медаль утуп алды. Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабировдун билдирүүсүндө, бул жетишкендик өлкөнүн потенциалын, маданиятын жана туруктуу өнүктүрүүнүн идеяларын эл аралык деңгээлде таанытууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан «ЭКСПО-2030» көргөзмөсүнө да даярдык көрүп, дүйнөгө жаңы, заманбап образы менен чыгууга ниеттенүүдө.








