
Премьер-министр кыргызстандыктарды Илим күнү менен куттуктады
Бишкек, 10-ноябрь, 2025. Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев илим күнү менен куттуктап, өлкөнүн илимий потенциалынын жогору экенин белгиледи. Кыргызстанда 82 илимий уюмда 6,5 миңден ашык илимпоз эмгектенет. Соңку жылдары илимге колдоо көрсөтүлүп, жаңы изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Премьер-министр илимдин экономикага кошкон салымын, анын ичинде экология, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы жетишкендиктерди белгиледи.








