Тег курман

Алдамчы жабырлануучуну Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап, 240 миң долларга алдап кеткен.

Бишкекте УКМКнын төрагасынын жакын тууганынын атын жамынып, жарандарды алдап жүргөн алдамчы кармалды. Ал ар кандай маселелерди чечип берүүнү убада кылып, 240 миң долларды ээлеп алган, бирок милдеттенмесин аткарган эмес. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жогорку кызматтагы адамдардын атын алдамчылык схемаларда колдонууга жол бербөөнү эскертет.