Бишкек, 13.08.25 /Кабар/. «Электр станциялар» ААКнын филиалы — Курпсай ГЭСи күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүдө. Жыл башынан бери 40тан ашуун жабдуулар оңдолду. Айрым негизги иштер: «Кристалл», «Датка» жана «Городок» көмөкчордондорундагы өчүргүчтөрдү техникалык тейлөө; АТ-2 автотрансформаторун учурдагы оңдоо; 110 жана 220 кВ туташууларын оңдоо; гидрогенераторлорду, трансформаторлорду жана өчүргүчтөрдү учурдагы оңдоо. Жабдуулардын коопсуз иштешине өзгөчө көңүл бурулууда. Бардык оңдоо иштери графикти бузбастан жүргүзүлүп, станциянын күз-кыш мезгилине жогорку деңгээлде даярдыгы жөнүндө айтууга болот. 2025-жылдын август айына карата пландалган иштердин 70% ашыгы аткарылды; калган иш-чаралар белгиленген мөөнөттө аяктайт.