
Ат-Башы районунда мектепке кошумча имарат курулууда
Ат-Башин районунда Карибек уулу Акматаалы атындагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус курулууда. Долбоордун баасы 63 млн сом, каржылоо республикалык бюджеттен. 1025 кв. метрлик эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга жооп берет. Мектептин аймагында ачык спорт аянтчасы да курулат.








