Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында эки тараптуу байланыштарды бекемдеген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация жана аба каттамдары боюнча келишим сыяктуу маанилүү документтерге кол коюлду.
17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Академиясы ачылды. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда кесипкөй кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, академияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин гана эмес, Коргоо министрлиги үчүн да адистер даярдалаарын белгиледи. Билим берүү мекемеси улуттук коопсуздук тармагындагы квалификацияны жогорулатууга жана илимий изилдөөлөргө, ошондой эле курсанттардын дене тарбия даярдыгы үчүн шарттарды түзүүгө басым жасайт.
“Жылдын мыкты мугалими” сынагы Бишкекте башталып, 5-октябрга чейин уланат. Катышуучулар Бишкектен батирдин ачкычы үчүн ат салышат. Сынак өлкөдөгү таланттуу мугалимдерди аныктоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.