Тег квартира

Жалал-Абад облусунда жарандарга 870ден ашуун ипотекалык батирлер берилет

Жакынкы аралыкта Жалал-Абад облусунда 870ден ашуун батир жарандарга мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында берилет. Бул жараяндын ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү камсыздалат.

Кыргызстанда 62 миңден ашуун ипотекалык батирлер курулууда – бөлүштүрүү механизми

Кыргызстанда 2030-жылга чейин 62 миңден ашуун батир ипотекалык программалар аркылуу жарандарга берилмекчи. Арзан, социалдык жана жеткиликтүү ипотека сунушталып, курулуш мамлекеттик жана жеке каражаттар менен каржыланууда.

Жакын арада өлкөнүн бир катар аймактарында ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылат — Туманбаев

Бишкек шаарында жана башка аймактарда жакында жаңы ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылат. Учурда өлкө боюнча 62 миңдей ипотекалык батир курулууда, 45 миң киши кезекте турат. 15-апрелде Бишкекте 500 батирлүү комплекс пайдаланууга берилет.

Бишкекте жаңы ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылды.

Бишкекте жаңы турак жай комплекси ачылып, президент Садыр Жапаров жана Каныбек Туманбаев катышты. Комплексте 612 батир бар, ал эми батирлер социалдык жактан аялуу топторго жана мамлекеттик кызматкерлерге берилет.

Ош шаарынын мэри аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө батир бөлүп берген курулуш компанияларын сыйлады.

Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев «Капитал Строй Инвест» жана «Сулайман Групп» компанияларынын жетекчилерине ардак грамоталарды тапшырды. Бул компаниялар эки батирди көп балалуу, турак жайы жок үй-бүлөлөргө беришти.

Жалал-Абадда прокурордук актылардын негизинде жетим балдар батирлер жана жер тилкелери менен камсыз болушту.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы ата-энесиз калган балдардын укуктарын коргоо максатында текшерүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада төрт балага турак жай өз убагында берилбеген учурлар аныкталды. Майлуу-Сууда эки балага батирлер, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда бирден балага жер участоктору берилди.

Тон районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылды.

Тоң районунда 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылды. Кажы-Сай айылындагы көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиги аныкталды. 93,4 млн сомдук батирлер кайтарылып, мурунку айыл башчысына сот өкүмү чыгарылды.

Кыргызстанда 62 миңге жакын ипотекалык батирлер курулууда: аларды кимдер ала алат?

Бүткүл өлкө боюнча 62 миңге жакын ипотекалык батир курулууда, ал эми программага катышуучулардын саны 45 миңге жетти. Бишкекте катышуучулардын көбү жашайт. Ипотеканын үч түрү бар: жеңилдетилген, социалдык жана жеткиликтүү. Жеткиликтүү ипотекага жеке сектордо расмий иштеген жарандар катыша алат. Долбоордук турак жай курулушу чет өлкөдө иштегендерге багытталган. Жалгыз бой энелер, жесирлер, көп балалуу үй-бүлөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өзүнчө категориялар бар.