Садыр Жапаров Кветтадагы теракттан кийин Пакистандын жетекчилигине көңүл айтты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пакистандын лидери Асиф Али Зардари менен премьер-министр Шахбаз Шарифке Кветтадагы бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган терактка байланыштуу көңүл айтты. Ал терроризмди айыптап, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.