Жогорку Кеңештин депутаты КМШ өлкөлөрүндөгү ыктыярчылар жылына арналган тегерек столго катышты
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев Санкт-Петербургда волонтердук иш боюнча тегерек столдо анын заманбап коомдогу маанисине токтолуп, Кыргызстандын волонтердук кыймылды өнүктүрүүгө жана жаштарды колдоого багытталган мыйзам чыгаруу демилгелерине токтолду. Ал волонтерлор социалдык, экологиялык жана спорттук долбоорлордо негизги ролду ойноорун белгилеп, ошондой эле волонтерлордун координациясын жакшыртуу үчүн эл аралык кызматташууга жана заманбап технологияларды колдонууга чакырды.