
Канат Сагынбаев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын делегациясы менен жолугушуп, көп жылдык өнөктөштүк үчүн ыраазычылык билдирди. Бул программа Кыргызстанга 60 миң тонна азык-түлүк жана 166 миллион доллардан ашуун жардам көрсөткөн. 2014-2027-жылдар аралыгында инфраструктуралык, билим берүү жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашырылууда. 11 жыл ичинде 7 500дөн ашуун долбоор ишке ашырылып, 50 миң адам убактылуу жумуш менен камсыздалган. Жолугушууда тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы долбоорлорду пландоо боюнча макулдашышты.








