Ат-Башыдагы Кында ашуусу кыймылга убактылуу жабылды
Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу 2024-жылдын 6-ноябрынан 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылат. Мындай чечимди КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана адамдарды коргоо максатында кабыл алды.