Ош шаарында канализацияны орнотуу учурунда окуя катталды: 2006-жылы туулган адамды кум басып калган. Куткаруучулар аны тез арада чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен, жабырлануучунун абалы орточо оор деп бааланууда.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда 2024-жылдын 15-ноябрында жаңы долбоорлор, анын ичинде билим берүүнүн коопсуздугун жана сапатын жогорулатуу боюнча Кырдаал борбору көрсөтүлдү. 120 контролдук камера орнотулду, ошондой эле Boeing учактарын конструкциялоо боюнча заманбап класс жана видеоконтент түзүү үчүн мультимедиялык лаборатория орнотулду.
17-ноябрда Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине шайлоо одоно мыйзам бузууларсыз өттү. Ички иштер министрлиги 15 миңден ашык кызматкердин катышуусунда 2443 объектиде коопсуздукту камсыз кылды. Бир сутка ичинде 69 мыйзам бузуу катталды, бирок өлкөдө абал туруктуу.
Бишкек шаарында курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлиги ар кандай вирустардын, анын ичинде риновирус жана парагрипптин жайылышын белгилейт. Сасык тумоонун алдын алуу үчүн 67 миң доза вакцина сатылып алынган, тобокелдик топторуна бекер эмдөөлөр жүргүзүлүп, жеке медициналык борборлордо да акы төлөнүүчү эмдөөлөр бар.
Кыргызстанда 11-октябрдан 13-октябрга чейин нөшөрлөгөн жаан жаап, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо таш кулап, башка кооптуу жаратылыш процесстери болушу мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Талас облустарында жана Бишкек шаарында кооптуу жагдайлар болорун эскертет. Айдоочуларга жолдо этият болуу сунушталат.
Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Ош облусунда милициянын жаңы кырдаал борбору ачылды. Ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактагы коопсуздукту жакшыртуу үчүн санариптештирүү жана “Коопсуз шаар” долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жаңы борбор өлкөнүн түштүк аймагындагы кылмыштуулукка көз салып, коопсуздукту камсыздайт.
Кыргызстанда бир суткада негизинен Чүй облусунда жана Бишкек шаарында 9 өрт кырсыгы катталды. Өрттөрдү өчүрүүгө 9 өрт өчүрүүчү топтун катышуусу керек болгон. Алай районунда 5 тонна чөп күйүп, себептери такталууда, жабыркагандар жок.
Бишкек шаарында 945 социалдык кызматкер 9166 адамды, анын ичинде кары-картаңдарды, майыптарды жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү үйүндө тейлейт. Ар бир кызматкер өз кардарларына жумасына кеминде эки жолу барат. Жардам алуу үчүн жазуу жүзүндөгү кайрылуу талап кылынат.
Андхра-Прадеш штатында жайгашкан фармацевтика заводдо болгон кучтуу жарыуудан 17 адам каза болуп, 40тан ашык адам жабыркады. Жарылуунун алдынан ала себеби химиялык реактордон буу агып кетип катар корсотуудо. Окуянын чоо-жайын териштируу уланууда.
Дуйнолук саламаттыкты сактоо уюму (DSSU) маймыл оорсун (mpox) эл аралык маанидеги саламаттыкты сактоо чукул кырдаалы деп жаралды. Конгода жана Африканын башка олколорунда 14 000 ден ашык учур жана 524 олум катталды. Уйум кырдаалды изилдөө, байланыштарды көзөмөлдөө жана комду маалымдоо боюнча иштерди жүргузүү.