Тег кыргыз-казак

Адылбек Касымалиев жумушчу визит менен Казакстанга келди

Адылбек Касымалиев бүгүн Казакстанга жумушчу сапар менен келди. Аны Астана шаарындагы «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропортунда Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты. Сапардын алкагында Касымалиев кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-отурумуна катышат.

Ташиев Кемин чек ара заставасынын кызматкерлерине кызматтык унаа тапшырды

Бүгүн Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы «Кемин» чек ара заставасына жаңы JAC 8 автоунаасын тапшырды. Бул чек ара коопсуздугун бекемдөө жана кызматкерлердин шарттарын жакшыртуу үчүн жасалган кадам болуп саналат.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасады

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Алар соода, транспорт, маданият жана билим берүү тармактарында долбоорлорду талкуулап, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө макулдашты.

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин жолугушуу аземи болуп өттү

Бишкекте президент С. Жапаров жана К. Токаевдин жолугушуусу өтүп, эки тараптуу кызматташтык жана кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү перспективалары талкууланды. "Ынтымак" паркында "Достук алтын көпүрөсү" монументи ачылды.

Казакстандын Президенти Кыргызстанга расмий сапар менен барат.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Сапар учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Жогорку Межгосударстволук кеңештин жыйыны, «Достук алтын көпүрөсү» монументин ачуу аземи жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.

Кыргызстан менен Казакстан агроөнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы кадамдарын макулдашты

Бостери айылында кыргыз-казак айыл чарба кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун жыйынында кыргыз продукциясынын жарманкесин өткөрүү, агротехнологияларды жайылтуу жана соода тоскоолдуктарын алдын алуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Үч кыргызстандык Казакстандын көркөм өнөр академиясынын ардактуу академиктери болушту.

Кыргызстандык режиссёр Уланмырза Карыпбаев, сүрөтчү Садыр Ниязакунов жана актёр Талыпжан Боронбаев Казакстандын Искусство академиясынын ардактуу академиктери болушту. Бул сыйлык алардын Кыргызстан менен Казакстандын маданий байланыштарын өнүктүрүүдөгү салымын таануу болуп саналат.

Парижде алгачкы жолу кыргыз жана казак акындарынын айтышы депутат Шаирбек Ташиевдин колдоосу менен өттү

Парижде ЮНЕСКО колдоосу менен кыргыз-казак эл аралык айтышы өтүп, эки элдин маданий байланыштарын бекемдеп, акындардын өнөрүн дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга салым кошту.