Тег Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Политехникалык университетте Лу Бан семинары ачылды

Бишкекте Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде студенттер заманбап технологияларды өздөштүрүп, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыра турган “Лу Бан семинары” ачылды. Лабораториялар 1 миллион доллардан ашык каражат менен жабдылган, бул ар түрдүү тармактарда, анын ичинде робототехника жана автоматташтыруу боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Долбоор билим берүү жана илим тармагындагы алдыңкы тажрыйбага жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу аркылуу Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгын бекемдейт.