Тег Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин көрсөттү.

КР Судьялар кеңешинин жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды. Дайындоо Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан жүргүзүлөт.

Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тойгонбай Жоробаевич Абдыкаров өзүнүн өтүнүчү боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматынан бошотулду.