Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын тышкы иштер министрлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анда кызматташуунун келечеги жана “Борбор Азия+Япония” диалогунун маанилүүлүгү талкууланды. Жээнбек Кулубаев Такеши Иваяны кызматка дайындалышы менен куттуктап, андан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев УТГнын башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Мамлекет башчыларынын жана министрлер кеңешинин жыйындарына даярдык көрүү, Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында документтердин долбоорлору жана иш-чаралар планы талкууланды. Тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто өткөн жолугушууда Африка Биримдиги Комиссиясынын Төрагасы Муса Факи Махамат менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Кыргыз Республикасына БААдагы байкоочу статусун алуу жана талапкерлигин көрсөтүү маселелерин талкуулады. өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлөрү.