Тег Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

КР ЖК депутаты: Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу уланууда

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу менен күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды. Демилгечи депутат Миргүл Темирбаева мындай аракеттер үчүн айып пул киргизүү зарылдыгын, ошол эле учурда мыйзамда меценаттык жана демөөрчүлүккө чектөөлөр жок экенин белгиледи.

КР ЖК депутаты: психологиялык кызмат көрсөтүү рыногунда компетентсиз адистер көп

Жогорку Кеңештин депутаттары Жоруктар жөнүндө кодекске жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты. Биринчиси, эпизоотиялык бакубаттуулукту жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, экинчиси психологиялык кызмат көрсөтүү рыногун жөнгө салууга, жарандарды компетентсиз адистерден коргоого багытталган.

Жогорку Кеңештин депутаты: Ороктун тургундары кыш заводдорунан улам балдардын дем алуу органдарынын оорулары көбөйүп жатканына тынчсызданышууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү, анын ичинде бала бакчаларды куруу, жол инфраструктурасын жакшыртуу, билим берүү мекемелерин колдоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле пенсия маселеси, аймактык ооруканалардын абалы жана жергиликтүү заводдорго байланышкан экологиялык көйгөйлөр талкууланды.