Бишкекте кыргыз журналистикасынын жүз жылдыгына арналган медиа форум өтүүдө
Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына арналган медиа форум өтүүдө. Журналистиканын бардык тармагынан келген катышуучулар кесиптин өнүгүшүн талкуулап, Кыргызстандын журналистикасынын тарыхын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Иш-чара “Эркин Тоо” гезити тууралуу видеоролик көрсөтүү менен башталды.