Кыргызстандын Улуттук инженердик-техникалык балдар академиясынын “Алтын түйүн” командасы Орусияда өткөн III Эл аралык астрономиялык OWAO олимпиадасында атайын сыйлыкка ээ болду. 20 өлкөдөн 100дөн ашык мектеп окуучулары катышып, астрономия жана физика боюнча маселелерди чечишти.
2024-жылдын 19-сентябрына карата «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында Кыргызстанда 9795 айылдык товар өндүрүүчү дээрлик 3,9 миллиард сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыяларды алса, анын 3,4 миллиард сомдон ашыгы мал чарбачылыгына бөлүнгөн. Долбоор «Айыл Банк» ААК жана «Элдик Банк» ААК тарабынан колдоого алынган.
Бишкекте Орусиянын элчиси Сергей Вакунов кыргызстандык төрт куруучуга “Байкал-Амур магистралына 50 жыл” медалдарын тапшырып, алардын бул маанилүү темир жол магистралынын курулушуна кошкон салымын белгиледи. Куруучулар кеп улуттуу совет элинин достугун жана эмгектик эрдиктерин баса белгилешип, ездерунун ангемелерин айтышты.
Баткен бажысынын жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери мыйзам бузууну аныкташты: Mercedes-Benz Sprinter 414 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан документи жок 6 миң даана швейцариялык дары-дармектер табылган. 3 миллион сомдук товар убактылуу сактоого өткөрүлүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунда бөлүштүрүүчү тармактардын инженери электр чубалгысын тартуу үчүн 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусунун үч мектебине окуучулардын окуу шарттарын жакшыртуучу компьютердик жабдуулардын сертификаттарын тапшырды.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Асман» авиакомпаниясынын билеттеринин кымбатташын динамикалык баа менен түшүндүрдү. Билеттердин баасы сатылып алынган орундардын санына жараша болот: канча брондосо, баасы ошончолук жогору болот. 26-сентябрга карата акыркы беш орун классына жараша 4000 сомдон 5000 сомго чейин.
Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз кен казуу менен күрөшүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Мыйзамсыз көмүр казуу боюнча 3 факты аныкталып, аларга айып пул салынып, эреже бузгандардын ишмердүүлүгү токтотулган.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жоруктар жөнүндө кодекске жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты. Биринчиси, эпизоотиялык бакубаттуулукту жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, экинчиси психологиялык кызмат көрсөтүү рыногун жөнгө салууга, жарандарды компетентсиз адистерден коргоого багытталган.
Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылга эки коллекциялык монетанын: күмүштөн жасалган “Тушоо кесүү” жана “Эгемендүү Кыргыз Республикасына – 35 жыл” алтынынын эскиздерин түзүү боюнча сүрөтчү-дизайнерлердин сынагын баштайт. Чыгармалар берилген темага жана жогорку көркөмдүк талаптарга жооп бериши керек.