Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард куб метрге жетти
18-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 13 миллиард метр кубга жетип, былтыркыдан 1 миллиард 300 миллион метрге көп болду. Ал эми суткалык суунун агып кириши секундасына 279 метр кубду, суунун агып кириши секундасына 549 метр кубду түзүүдө. Токтогул ГЭСи Кыргызстан үчүн электр энергиясынын негизги булагы бойдон калууда.