Тег Кыргызстанды өнүктүрүү

Бишкекте ипотекалык турак-жай үчүн “Ынтымак” турак-жай комплексинин курулушу башталды.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы 8100 батирлүү жана керектүү инфраструктураны камтыган «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушуна капсула салды. Калктын социалдык жактан аялуу катмарын турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында жеңилдетилген шарттар жана аманат ипотекасы каралган. 2028-жылга карата өлкөнүн бардык муктаж жарандарын турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.