Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктар пенсиялык топтоо каражаттарынан бир жолку төлөм алышат. Учурда 98 адам арыз берип, алардын 83ү 3483 доллар алды, 15и чечимди күтүп жатат.
Кыргызстандын эмгек министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Сучжоу шаарында өтүп жаткан АСЕАН+3 эл аралык форумунда кытайлык кесиптеши менен жолугушту. Жумушчу күчүн жөнгө салуу, качкындарга жардам берүү жана кыргызстандыктардын Хайнанга виза алуусун жеңилдетүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Мындан аркы кызматташуу үчүн өз ара түшүнүшүү меморандуму сунушталды.
2023-жылдын II кварталы Кыргызстандыктар интернет ойного 15,6 млн сом коротушту. Жыл башынан бери бул сумма 29,7 миллион сомго жетип, откон жылдын ушу л мезгилине салыштырганда 14,5 миллион сомго кобойду. 2022-жалпы 34,7 млн сом сарпталган.