Россиянын Маданият министри: Кыргызстандын маданият күндөрү – келечекке стимул
Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү Чоң театрда гала-концерт менен башталып, анда Россия Федерациясынын маданият министри Ольга Любимова маданий алмашуунун келечеги үчүн иш-чаралардын маанисин баса белгиледи. Иш-чаранын алкагында кыргыз киносунун көргөзмөлөрү, жолугушуулары жана көрсөтүүлөрү өткөрүлүп, Кыргызстандан барган студенттердин гастролдору жана бүтүрүүчүлөрүнүн спектаклдери да пландалууда.