Тег Кыргызтелеком

«Токмок-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүшү убактылуу токтотулду.

“Токмок-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунда “Кыргызтелеком” ишканасы тарабынан оңдоо иштерине байланыштуу жарандардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду. Саякатчыларга Казакстандын чек арасынан өтүү үчүн башка өткөрүү пункттарын колдонуу сунушталат.

Айдын аягына чейин мектептерде интернеттин ылдамдыгы төрт эсеге өсөт

Бишкекте билим берүү министри менен ZTE KYRGYZSTAN жана Кыргызтелеком жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анда билим берүүнү жакшыртуу боюнча санариптик технологиялар талкууланды. Октябрдын аягына чейин мектептерде интернеттин ылдамдыгын төрт эсеге көбөйтүү маанилүү кадам болуп калат, бул өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүүгө мүмкүндүк берет.