Испанияда катуу сел 90дон ашуун адамдын өмүрүн алды
Испаниянын Валенсия аймагында нөшөрлөп жааган жамгыр жана мөндүрдөн улам болгон селден 95 киши каза болду. Үч күндүк аза күтүү жарыяланып, аскерлердин жана учкучсуз учактардын катышуусунда куткаруу иштери уланууда. Жергиликтүү тургундар дайынсыз жоголгондорго тынчсызданышууда, ал эми бийликтер кыйроолор жана жабылган жолдордон улам элди үйлөрүнөн чыкпоого чакырууда.