Нарын облусунда 12 миллион сомдон ашык акчага май куюучу жайдын жер тилкеси кайтарылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ишкер менен сүйлөшүп алып жерди жеке менчикке алып кеткен аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттерин ачыктады.
Нарында Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Алар салык төлөөдөн качкан ишкерлерге жеңилдиктерди берип, андан 9,1 миллион сом зыян тарткан. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Токмокто психоневрология социалдык ооруканалык мекемесинин жетекчилигине карата кылмыш иши көзголду. Текшеру учун кызматкерлер, сот тарабынан ишке жараксыз деп таанылган адамдарга мээримсиз жумушка алып, алардын эмгек акыларын оздоштуруп келген. Ошондой эле, мекеменин жетекчилиги бюджеттик каражаттан 16 кызматкерге мыйзамсыз премиумдар болуп, олкого ири олчомдогу зыян келтирген.