Бишкекте Айыл чарба министрлигинин жана банктардын адистеринен кеп-кеңештерди берген Фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Дыйкандар үрөн, өндүрүш жана мамлекеттик колдоо боюнча кеп-кеңештерди ала алышат. Пилоттук борборлор Каракол, Кара-Суу жана Жалал-Абадда да иштейт.
Токмокто жунду кайра иштетуучу «РАФА» жана «Ко-Токмок ПОШ» ишканаларында ишти кайра баштоо боюнча кецешме болду. Министр Бакыт Төрөбаев чийки затты сатуу жана кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу аркылуу малчылардын кирешесин көбөйтүүгө басым жасады. Суткасына 8 тонна өндүргөн фабрика толук өндүрүш циклине өтүү үчүн жергиликтүү жана чет элдик компаниялар менен кызматташууну активдештирүүнү пландоодо.
Бишкекте 1-октябрдан 1-ноябрга чейин базардын кызматкерлери мобилдик клиникада ВИЧ, гепатит жана башка ооруларга акысыз экспресс-тесттен өтө алышат. Акция Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан уюштурулуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү. Мобилдик клиника борбор калаанын түрдүү базарларында иштеп, күнүнө 100 адамга чейин кызмат көрсөтөт.
Санариптик трансформация, Акылбек Жапаровдун айтымында, ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды жоюунун, өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун ачкычы. Санариптик бажы жана медициналык маалымат алмашуу системасы сыяктуу демилгелерди киргизүү процесстерди жөнөкөйлөштүрүүгө жана ачыктыкты жогорулатууга жардам берет. Ал ошондой эле Кыргызстандын технологиялык көз карандысыздыгын калыптандыруу жана санариптик келечектин жаңы стандарттарын түзүү үчүн кванттык эсептөө жана жасалма интеллекттин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бишкек шаардык кеңештин 29-августунда өтүүчү сессияда катуу тиричилик калдыктарынын чыгышы жана кому кызматтарына тартылды. Эми калдыктар куб метр менен олчонуп, тарттерди он салмактоо жана атайын техниктер колдонуу мумкунчулук кенейт.
Бишкек шаардык кеңешинин 29-августта өткөн сессиясы муниципалитеттин жер райондорунун ижарага берилиши боюнча жаңы чечим кабыл алынды. Арендалык төлөмдөр 2011-2024-жылдар аралыгындагы инфляция ылайык озгортулот. Мэрия инфляциянын өсүшүн эске алып, ижара акынынын өлчөмдөрүнө кайра карап чыгууга зарылдыгын белгилеп жатат.
ЦОНдорду жеңилдетүү үчүн жакын арада 'Тундук' мобильдик тиркемесинде жарандардын жашаган жери боюнча онлайн-тиркөө жана паспорт алуу үчүн онлайн арыз берүү кызматы киргизилет", - деди санариптик өнүгүү министри Нурия Кутнаева 7-августта өткөн пресс-конференцияда. Ал ошондой эле, жарандардын документтерин кабыл алуу пункттарын кеңейтүү жана мамлекеттик кызматтарды санарип форматка өткөрүү боюнча пландарды белгиледи. Кутнаева жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалап, эң жакшы кызматкерлерге кошумча сыйлыктар берилерин айтты.