Өкмөт башчы Кинематография департаментинин жетекчисин кызматтан алып, жаңы адисти дайындады
Улан Адамалиев Кыргызстандын Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды. Мындай чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол коюп, мурдагы директор Акжолтой Бекболотовду да ээлеген кызматынан бошотту.