
Ошто жылуулук мезгили аяктайт
Ош шаарында 23-марттан баштап жылуулук берүү токтотулат. 2025-2026-жылдардагы жылуулук сезону расмий түрдө аяктайт. Бул чечим, аба-ырайынын орточо температурасы беш күн бою +8 градуска жогору болгондо кабыл алынган. Шаардык кызматтар жылуулук камсыздоону этап-этап менен өчүрүүгө киришет.








