Ош шаарында 3-ведомстволор аралык кинологдор мелдеши ачылып, ага күч түзүмдөрүнүн 4 командасы катышууда. Сынак ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлүп, улуттук коопсуздукту камсыздоодо кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Иш-чаранын алкагында эл аралык стандарттарга жооп бере турган жаңы Кинологиялык борбордун пайдубалына да капсула салынды. 1 миллион евролук долбоор 72 кызматтык ит үчүн заманбап окуу класстарын жана питомниктерди камтыйт.
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Р.Сүйналиев менен Улуу Британиянын элчиси Николас Боулердин жолугушуусу болуп өттү. Эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде салык тармагындагы маселелер талкууланып, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Эрфурт шаарында кыргыз жаштарынын билимге болгон умтулуусун билдирген “Кыргыз кызы” скульптурасынын ачылышы менен “Чет элдик жаштарды тосуп алуу күнү” өттү. Иш-чарага Тюринг өкмөтүнүн, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана студенттер чогулуп, квалификациялуу кадрларды даярдоодо кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. «Советтик Кыргызстандын кызы» деген картинадан шыктанган скульптура жацы мумкунчулуктердун жана аялдардын коомдогу активдуу ролунун символу болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Санжар Болотов Эл аралык ислам соода жана финансы корпорациясынын жетекчилиги менен онлайн жолугушуу өткөрүп, жашыл демилгелер, чакан жана орто бизнести колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулады. Корпорация өкүлдөрүнүн Бишкекке иш сапары тууралуу макулдашууга жетишилди.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Азербайжанда өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин саламаттыкты сактоо министрлеринин 4-жыйынына катышууда. Ал саламаттыкты сактоо, анын ичинде санариптештирүү, медициналык туризм жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө медициналык тейлөөнү жакшыртууга жана өлкөлөр ортосундагы трансплантацияларды координациялоого багытталган келишимдерге кол коюу пландалууда.
Свердлов районунун Сысерт айылында кыргыз-орус туризмин өнүктүрүү үчүн түзүлгөн уникалдуу этномаданий боз үй шаарчасы ачылды. Долбоордо эс алуу үчүн ыңгайлуу шарты бар 10 заманбап боз үй камтылган. Кыргызстандын башкы консулу Орусияда мындай туристтик жай жок экенин белгилеп, Кыргызстанга туристтерди тартууга ишенимин билдирди. Ачылыш сүрөт көргөзмөсү, экскурсиялар жана улуттук тамак-аштардан даам татуу менен коштолуп, чыгармачыл топтордун өнөрлөрү тартууланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ватикандын Мамлекеттик катчысы Пиетро Паролин менен жолугуп, маданияттар аралык диалогду жана билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулады. Жапаров эки өлкөнүн китепканалары менен медициналык мекемелеринин ортосунда байланыш түзүүнү сунуштап, туруктуу өнүгүүнүн жана билим алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаровдун Италияга жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек менен Рим шаарларды башкаруу, экология, билим берүү жана социалдык инклюзия тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга сапары эки тараптуу мамилелердин жаңы мейкиндиктерин ачкан тарыхый окуя болуп калды. Экономика, маданият жана инвестиция тармагында кызматташуунун келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы байланыштарды чыңдоо жана инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Бул сапар ошондой эле Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана анын эл аралык имиджин көтөрүүгө өбөлгө боло турган тажрыйба жана технология алмашуу аянтчасы болуп калды.
Эр-Риядда Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен Silk Way Travel жана Al Jazeera Airways авиакомпаниялары тарабынан уюштурулган туристтик роудшоу өттү. Элчи У.Марипов өлкөнүн экономикасы үчүн туризмдин маанилүүлүгүн, ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Иш-чарага кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар болгон 19 туристтик компания катышты.