Ош шаарында көчөгө 9 кабаттуу турак жайдын курулушу башталды. 278 квартирага эсептелген Краснофлотская. Долбоордо унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана жашылдандыруу каралган. 45 батирди прокуратура кызматкерлери алса, калганы үлүштүк курулуш программасы боюнча берилет. Объектти ишке киргизүү 2027-жылдын 3-кварталына пландаштырылган.
Ош шаарында 3-ведомстволор аралык кинологдор мелдеши ачылып, ага күч түзүмдөрүнүн 4 командасы катышууда. Сынак ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлүп, улуттук коопсуздукту камсыздоодо кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Иш-чаранын алкагында эл аралык стандарттарга жооп бере турган жаңы Кинологиялык борбордун пайдубалына да капсула салынды. 1 миллион евролук долбоор 72 кызматтык ит үчүн заманбап окуу класстарын жана питомниктерди камтыйт.
Жогорку Кеңеш тартип сакчыларына 20 жыл иштегенден кийин кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды. Депутаттар ошондой эле кызматтык батирлердин санын жана ижара акысынын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын талкуулашты.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков мыйзам бузган милиция кызматкерлери сөзсүз жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Ички иштер министрлиги мыйзамдуулуктун жана жарандардын укук коргоо органдарына ишениминин маанилүүлүгүн белгилеп, камакка алуулар жана тергөө иштери боюнча коомчулукка активдүү маалымат берип келет. Кызматкерлер арасындагы коррупцияны жана кызматтык тартипти бузууларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда.