Тег Кызыл-Белес

Кызыл-Белес лыжа базасы кайрадан мамлекеттин менчигине өттү

Аламүдүн районундагы Кызыл-Белес лыжа базасы мыйзамсыз менчиктештирилип, мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жалпы аянты 10 гектарды түзгөн базалык жана жайыт жерлери жеке жактарга өткөрүлүп берилген, бирок менчик ээлери 50 миллион сомдон ашык бааланган объектини кайтарып берүүгө макул болушкан. УКМК башка мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтарып алуу иштерин улантууда.