Лебединовская ГЭСин жаңылоого тендер жарыяланды
«Чакан ГЭС» ААКсы эл аралык жана ата мекендик компанияларды чакырып, Лебединовская ГЭСин реконструкциялоо боюнча башкы подрядчикти тандоо боюнча тендер жарыялады. ЕРӨБ тарабынан каржыланган долбоор консалтингдик компания тарабынан аткарылган иштердин сапатын контролдоо менен жабдууларды модернизациялоону жана объекттерди жаңылоону камтыйт. Арыздар 2025-жылдын 13-январына чейин ЕРӨБ порталы аркылуу кабыл алынат.