Бишкектиктерди 1940–1950-жылдардагы Кыргызстан искусствосу тууралуу лекцияга чакырышат.
1-ноябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Айна Молдохматова 1940–1950-жылдардагы кыргыз искусствосунун өнүгүүсү боюнча лекция окуйт. Иш-чара саат 14:00дө башталып, 1,5 саатка созулат. Билеттердин баасы: чоңдорго 300 сом, студенттерге 80 сом, окуучуларга 40 сом. Лекцияда XX кылымдын ортосундагы негизги көркөм тенденциялар жана чыгармалар менен таанышууга болот.







