
Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашат.
Душанбеде 10-октябрда өтө турган КМШ саммитинде регионалдык жана глобалдык коопсуздук маселелери талкууланат. Ошондой эле, саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана гуманитардык, маданий кызматташууну кеңейтүү маселелери каралат.




