
«Тамчы» Кыргызстан экономикасынын жаңы өсүү чекити болот
Кыргызстанда "Тамчы" аттуу каржы-инвестициялык зонасы түзүлөт, ал инвестиция тартууга, каржы секторун өнүктүрүүгө жана инновациялык экосистеманы калыптандырууга багытталат. Бул зонада венчурдук фонддор, жаш ишкерлерди колдоо жана санариптик каржылоо механизмдери ишке ашырылат.








