Тег лизингге

Бишкекте АгроТехЭкспо 2024 көргөзмөсүндө фермерлер үчүн лизинг мүмкүнчүлүктөрүнүн бет ачары болот

18-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкекте АгроТехЭкспо-2024 көргөзмөсү өтүп, фермерлер Айыл Банк менен Элдик Банктын лизинг мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алышат. Иш-чарада дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба техникаларынын, инновациялык технологиялардын жана айыл чарба продукцияларынын заманбап үлгүлөрү көрсөтүлөт.

Кыргызстандын дыйкандары жыл башынан бери лизингге 976 айыл чарба техникасын алышкан

Кыргызстанда 2024-жылы дыйкандарга «Айыл Банк» жана «Элдик Банктын» лизингдик программасы аркылуу 3,8 миллиард сомдук 976 айыл чарба техникасы төмөн пайыз менен берилген. Долбоорлор ишке ашырыла баштагандан бери 17,6 миллиард сомго 6892 даана техника чыгарылган.

КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Элдик банкка” 200 млн

КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен “Элдик банк” кызматташуу келишимине кол коюшуп, анын алкагында 200 млн сом бөлөт. Каражат лизингди каржылоого жана экономикалык өсүшкө, жумуш орундарын түзүүгө жана экологияны жакшыртууга жардам берген жашыл долбоорлорду колдоого жумшалат.