Тоскоолдуктарды азайтуу менен биз ЕАЭБдин бирдиктүү транспорттук мейкиндигин түзүүгө жакындап жатабыз – Арзыбек Кожошев
Бишкекте "KyrgyzTransLogistic 2024" көргөзмөсүндө ЕАЭБдин ички рыногунун көйгөйлөрү жана анын өнүгүшүнө эл аралык авиаташуучулардын таасири талкууланды. ЕЭК Министри Арзыбек Кожошев соода рынокторунун жана транспорт коридорлорунун өзгөрүшүнүн шартында бирдиктүү транспорттук мейкиндикти жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүдө тоскоолдуктарды жоюунун маанилүүлүгүнө токтолду.