Тег Ляньюньган

Ниязбеков «Кытай – Борбордук Азия» коомдук коопсуздук жана ички иштер министрлеринин жыйынына катышты

Ляньюньган шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин биринчи жыйыны өтүп, анда эл аралык коопсуздук, экстремизм жана баңги заттарына каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Катышуучулар кызматташууну бекемдөө ниетин билдирип, биргелешкен Протоколго кол коюшту.

Улан Ниязбеков кытайлык кесиптеши менен кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Ляньюньган шаарында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун чек арадагы кылмыштуулукка жана экстремизмге каршы күрөшкө басым жасап, коомдук коопсуздукту камсыздоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Тараптар укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өнөктөштүктү бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Улан Ниязбеков Кытайда коомдук коопсуздук боюнча форумга катышууда

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ляньюньганга коомдук коопсуздук боюнча форумга катышуу үчүн барды, анда башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен жолугуп, укук коргоо органдары чөйрөсүндө кызматташууну талкуулайт.