Акылбек Жапаров Илимдер академиясы менен Улуттук кардиология жана терапия борборунун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынын жана Улуттук кардиология борборундагы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул долбоорлорго 957 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, иш 2024-жылдын аягына чейин бүтүшү керек. Жапаров сапаттуу оңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.