Тег мөмө өсүмдүктөрү

Кыргызстандын дыйкандарына кеч гүлдөгөн бадам сортторун отургузуу сунушталууда

Айыл чарба экспертиза департаменти дыйкандарга жазгы үшүккө чыдамдуу, түшүмдүүлүгү жогору, кеч гүлдөгөн бадамдын Феррагнес жана Феррадвелл сортторун өстүрүүнү сунуштайт. Бул сорттор жөнөкөй, минималдуу кам көрүүнү талап кылат жана күчтүү тамыр системасынын эсебинен жантаймаларды бекемдөөгө ылайыктуу. Түшүмдүүлүк гектарына 2000 килограммга жетет, оруп жыйноо сентябрдын үчүнчү жумасында башталат.