
Агро эсепке алуу-2026. Маалыматтарды салык кызматына өткөрөбү? Улуттук статистика комитетинин жообу
2026-жылы өтө турган айыл чарба эсепке алуусунда алынган маалыматтардын купуялуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Улуттук статистика комитети респонденттерден алынган маалыматтарды жалпыланган түрдө гана колдонорун жана жеке маалыматтар үчүнчү жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга берилбесин кепилдейт. Эсепке алуучулар жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын окуудан өтүп, маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап технологияларды пайдаланат.








