Бишкекте кореялык эксперттердин колдоосу менен “Статистикалык потенциалды жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруучу Улуттук статистика комитетинин жаңы окуу классы ачылды. Долбоор Кыргызстандын статистикалык системасын модернизациялоого, IT инфраструктурасын жакшыртууга жана өлкөнүн натыйжалуу башкаруусуна жана өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн сапаттуу жана ишенимдүү маалыматтарды түзүү үчүн кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган.
2024-жылдын 1-декабрынан тарта Орусияда чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматын чогултуу боюнча эксперимент башталат. Айрым аэропорттордо жана өткөрүү пункттарынан чек арадан өтүүдө алардан санарип сүрөт жана манжа издери талап кылынат. КР Тышкы иштер министрлиги жарандарды жаңы процедураларга даяр болууга чакырат.
Кыргызстандын Улуттук банкы 2024-жылдын 14-сентябрына карата валюталардын курсун жаңылады. АКШ доллары 84,54 сом, евро 93,78 сом, орус рубли 0,93 тиын болууда. Коммерциялык банктарда да доллар кымбаттады.