маалыматтык

Кыргызстандык салык кызматкерлери швейцариялык SICPA компаниясы менен тажрыйба алмашты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын делегациясы Швейцариядагы SICPA компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, салык башкарууну санариптештирүү жана контрафакттык продукцияны аныктоо боюнча кызматташууну талкуулады.

АБР: Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү — коомду чыңдоонун жолу

Аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү коомду чыңдоонун ачкычы болуп саналат. АБР аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн ЦАРЭС программаларын колдойт, гендердик стратегия 2030го ылайык аялдардын санариптик экономикага катышуусун кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Президенттик администрацияда мамлекеттик коммуникацияларды натыйжалуулугун жогорулатуу талкууланды.

Президенттик администрациянын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары менен жолугушуп, коммуникацияны жакшыртуу жана элге так маалымат жеткирүү маселелерин талкуулады. Жыйындын жыйынтыгында басма сөз кызматтарынын потенциалын чыңдоо жана мамлекеттик коммуникациянын ылдамдыгын жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.

Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларын жана Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Борбордук Азия мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды. Жолугушууда аймактык коопсуздук жана актуалдуу коркунучтар талкууланды. Жапаров терроризм жана экстремизм менен бирге, мыйзамсыз миграция жана киберкоркунучтар сыяктуу трансулуттук чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого канча каражат сарпталары белгилүү болду

Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн 700 миллион сомдук сметаны бекитти. Бул каражаттар шайлоо комиссияларына, техникалык жабдууларга жана чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоого бөлүнөт.

Тынчтык Шайназаров активисттер жана блогерлер менен жолукту

Бишкекте өткөн жолугушууда Тынчтык Шайназаров блогерлерге алдыдагы парламенттик шайлоолордун өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде алгачкы жолу колдонулуп жаткан дистанциялык добуш берүү жөнүндө айтып берди. Ал блогерлердин шайлоо процессин маалымдоодогу маанилүү ролун белгилеп, ачык кызматташууга даяр экенин билдирди.

Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кербен башталды.

Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кербен башталды. Иш-чара балдардын өзүн жана айлана-чөйрөнү урматтоо сезимин калыптандырууга багытталган.

Кыргызстанда курулуш объектыларын QR-код аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү киргизилди: Бирдиктүү паспорт системасы.

Кыргызстанда курулуш тармагын санариптештирүүнүн жаңы этабы башталды - курулуш объекттеринин бирдиктүү маалыматтык паспорту киргизилди. Бул паспорт ар бир объектте жайгаштырылат жана жарандарга курулуштун мыйзамдуулугун текшерүүгө мүмкүндүк берет.